Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ээр-токумчан аттарды бири-бирине кайчылаштырып байлаштыруу ыгы. Аттан түшүп алышып, Атты айкаш байлашып («Манас»). 2. Эки тараптын бири-бири менен беттешкен кагылышуусу, уруш, салгылаш. Айкашты арбын салалык, Издеген жоом келипсиң, Бир айкашып калалык («Эр Төштүк»). Айкашта мөрөй бербестен, Актадың сүтүн энеңдин (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
айкалыш менен бирдей. Аттан түшө көрүшүп, Айкашып жатып өбүшүп («Семетей»). Мен өзүмдү тааныштырдым, Эки айкашып көрүштүк (Токомбаев). Анын бардыгы бири-бирине айкашып, турмуштун, эмгектин симфониясын түзгөнсүйт (Байтемиров).